Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев неберелүү болду. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Уулум Адылбек жана жубайы Мунара бизге ушул кичинекей кереметти 10-майда тартуулашты. Апам тирүү кезинде неберемдин атын Азам деп коюуну кыялданчу. Апамдын тилеги орундалды. Неберем Масалиев Азамат Адылбекович төрөлдү.
Азам, планетанын башка миллиондогон балдары сыяктуу эле бактылуу болсун. Биздин бүт жашообуз балдарга арналган. Адыл менен Мунарага рахмат!
Сиздердин да ар бириңиздерге ушундай таттуу кубаныч каалайм!",- деп билдирүү калтырган Масалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн