28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна "Кыргызстан Коммунисттер партиясынын" лидери Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен барат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Адахан Мадумаров билдирген.
Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Партиянын айрым мүчөлөрү бюродо жыйын уюштуруп, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамында шайлоого баруусу тууралуу чечим чыгарышыптыр. Биздин социалдык, саясий жана мамлекеттик түзүлүш боюнча көз караштарыбыз эң жакын. Биз кечээ саясий кеңештин жыйынын өткөрдүк, бул боюнча азырынча сөз боло элек",- деди Мадумаров.
Пикирлер (2)