Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 17:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Исхак Пирматов Ала-Бука райондук ооруканасын кычкылтек менен камсыздады

23.07.2020 12:22
1306
Исхак Пирматов Ала-Бука райондук ооруканасын кычкылтек менен камсыздады


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов  Ала-Бука районунун аймактык ооруканасында Covid-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын жана алдын 10 күн ичинде оорукана кычкылтек менен 100% камсыз болоорун ѳзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


“Бүгүн авансы төлөнүп, жумуш башталды .Ооруканага кислород системасын орнотуп баштадык. Кислород баллондорунан түтүкчөлөр тартылып келип, бардык палаталардагы 60 керебеттин ар биринин тушуна бардык стандарт-талаптарга ылайык орнотулат. Дарыгерлер кычкылтек концентраторун сатып алгыча, кислороддук баллондорду колдонуу алда канча пайдалуу жана эффективдүү экенин айтып келишет. Себеби кычкылтек концентраторлорду биринчиден, оорукананын электр системасы көтөрө албайт, экинчиден, алардын жарамдуулук мөөнөтү көпкө созулбайт экен, үчүнчүдөн ал аппараттан чыккан үн да бейтаптарга ыңгайсыздык жаратат экен. Ал эми кислороддук баллондор кудай буйруса, жылдап иштейт. Болгону баллондорду кычкылтек менен толтуруп туруу гана зарыл. Элибиздин амандыгы үчүн күрөшкөн ак халатчандарга таазим жана ыраазычылык! Элибиз бул апааттан эртерээк кутулуп кетишин тилеп дуба кылалы, достор”, - деп билдирген эл депутаты.

     

Исхак Пирматовдун элге жеринде кѳрсѳткѳн жардамына социалдык тармактарда ыраазычылык пикирлер айтылууда.

   

“Элибиз атың өчкүр кара тумоо менен алпурушуп жаткан кезде Ала-Бука районунун аймактык ооруканасына (жугуштуу оорулар,  хирургия, тѳрѳт үйү, жандандыруу) бөлүмдөрүнө жалпысынан 60  орундуу 26 палатага жасалма дем алдыруучу кислороддук системаны куруп берүүнү өз каражатынан каржылап жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго терең ыраазычылык билдирүү менен элибизге бакубат жашоо, ден-соолук жана ушул кыйын күндөрдөн арылып жай турмушка кайтышын Жараткандан тилек калабыз”, -деп жазган Фейсбук колдоонучу 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн