Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Исхак Пирматов мамлекетке келтирген зыянын төлөп берип жатабы?

04.01.2021 10:14
928
Исхак Пирматов мамлекетке келтирген зыянын төлөп берип жатабы?


Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов буга чейин мамлекетке келтирген зыянын төлөп берип жатат. Бул тууралуу биздин ишенимдүү булактар маалымдады. Ал өткөн жылдын этегинде укук коргоо органдарынын кылтагына илинип, мындан бир канча жыл мурда жасаган коррупциялык иштери үчүн жооп берип, келтирген зыяндын жарымдайын өлкө казынасына кайтарганы чынбы? Ошондой эле биздин ишенимдүү булак калган сумманы да төлөп берип жатканын, Пирматов өзү сыртта жүргөнүн кошумчалады. Буга байланыштуу укук коргоо органдары так маалымат берет деп үмүттөнөбүз.    


Негизи Пирматов боюнча бир эпизод менен гана иш каралып жатканы жалганбы? Биз азыркы бийликтин коррупцияга каршы мындай аракетин толугу менен колдоп, Пирматовдун башка кыңыр иштерин да эскертип кетели. Маселен, ал 2010-жылга чейин «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда мамлекетке 100 миллиондогон сом зыян алып келгени белгилүү болгон. Бул иш боюнча 2012-жылы ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова депутаттардын макулдугун ала албай, Пирматов жоопкерчиликтен убактылуу кутулуп кеткен эле. Мындан сырткары, Исхак мырзаны “Манас” аба майданында күйүүчү май бизнеси, Бишкектеги көп кабаттуу элиталык үйлөрдүн курулушундагы мыйзамсыз жерлердин алынышы, Жалал-Абаддагы алма, шабдалы бактары боюнча да кыңыр иштерге аралашканы айтылып жүрөт. Тийиштүү органдар буларга да көңүл бурса керек дейбиз. Эгер бул маалыматка Исхак Айтбаевич пикирин билдирем десе, орун берүүгө даярбыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн