Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 21:51
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралды

Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралды


Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык соту экс-депутат Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасын карады. Сот отурумунун жыйынтыгында Биринчи май райондук соту чыгарган чечим өз күчүнө калтырылды.


Буга чейин экс-депутаттын жактоочусу биринчи инстанциянын чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Пирматов "Кумтөрдү" улутташтыруу маселеси каралганда добуш берген эмес.


Эске салсак, И.Пирматов 31-май күнү "Кумтөр" иши боюнча "Коррупция" беренесинин негизинде камакка алынган. Ал 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн