Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:00
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Исхак Раззаковдун ролун аткарган Алим Токторов ӨКМнын пресс-кызматынын башчысы болуп дайындалды

18.05.2022 16:03
714
Исхак Раззаковдун ролун аткарган Алим Токторов ӨКМнын пресс-кызматынын башчысы болуп дайындалды



Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Токторов Алим Абдинабиевич дайындалды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


1968-жылдын 19-июлунда туулган.

Буга чейин Алим Токторов 1992-жылдардан тарта Кыргыз телерадио берүү комитетинде кабарчы, редактор, режиссер, Баткен мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

- 2007-жылы кайрадан - КТРКда кабарчы-баяндамачы, “Жаштар жана балдар” редакциясынын башкы редактору;

- 2011-2012-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Калк жана массалык маалыматтар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2018-2019-жылдары - Бишкек мэриясына караштуу шаардык транспорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

- 2020-жылы - Баткен облустук медиа борборунун башкы директору кызматтарын аткарган.

Мындан сырткары ал “Биз” эстрадалык ансамблин, “Алим Токторов продакшн” студиясын жетектеп, “Жыйырманчы жаз”, “Дөңгөлөк kg” көркөм фильмдеринин, “РАЗЗАКОВ” тарыхый тасмасынын режиссеру жана актеру катары таанылган. 

Ошондой эле Алим Токторов 2021-жылдын 1-октябрынан баштап продюсер жана режиссер 

катары Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков жөнүндө даректүү фильмди тартууга киришип, быйыл 4-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата бет ачаарын өткөрдү.   

Ал жогорку билимдүү, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин автотранспорт бөлүмүн 1992-жылы аяктаган. 

Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телекөрсөтүү факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө 4-курстун студенти. Дикторлук жана режиссерлук курстарды окуган.


Коомдук иштери: Республикалык И.Раззаков фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү.

Ишмердүүлүгүнө жараша коомдук уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун бир катар сыйлыктарына ээ.


Үй бүлөлүү, 1 кыздын, 2 уулдун атасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн