Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ишенимдүү булак: Аида Исмаилова вице, Касымбек Мамбетов саламаттыкты сактоо министрлигине сунушталат

01.04.2020 12:12
1383
Ишенимдүү булак: Аида Исмаилова вице, Касымбек Мамбетов саламаттыкты сактоо министрлигине сунушталат


Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду.


Түштөн кийин парламенттеги көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, бош калган орундарга талапкерлерди талкуулашы күтүлүүдө. Биздин ишенимдүү булактар кабарлагандай, вице-премьер-министрлик кызматка “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталып жатыптыр. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигине болсо мекеменин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун талапкерлиги каралууда. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зарема
Коней на переправе не меняют! Министирди алганы туура! Бирок Аида Касымалиева деле эч нерсе кыла албайт! Эл каршы чыгат! Себеби, вице болуш учун коп тажрыйбасы болуш керек! Аидада жок!!! Эптеп эле оорун алмашуу болуп калды окшойт. Азыркы курч абалда тажрыйбасы чон, отоо кучтуу жетекчилер келиш керек!