Бишкек шаарында коронавирус илдетине шектелгендер менен байланышта болгон тез жардам кызматынын өкүлү иш шартына нааразычылыгын билдирген видео тарады.
Видеодо тез жардамдын кызматкери Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага коронавируска шектелген адамды алып келгенин жана андан кийин унаа менен кызматкерлер кандай шартта дезинфекцияланганын айтып жатканын көрүүгө болот.
Анын айтымында тез жардам унаасы таштанды таштоочу жайга киргизилет, кызматкерлерге кийим которуучу атайын жай жок болгондуктан аларда таштанды таштоочу жайда чечинишет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн