Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу жөнөкөйлөштү

06.04.2020 17:09
933
Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу жөнөкөйлөштү

 

«Түндүк» платформасында электрондук өткөрмө алуунун жаңы формасы ишке берилди. Бишкек шаардык коменданты Алмаз Орозалиевдин буйругуна ылайык, эми уруксат алуу үчүн билдирменин формасын толтуруу керек, анда ким жана кандай максатта уруксаат алууну каалагандыгы көрсөтүлөт.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, уруксаат алган соң, төмөнкү документтерди көрсөтүү менен блокпосттордон өтүүгө болот:

- иштеген жеринен алынган маалымдама;

- жол баракчасы, анда кызматкерлердин тизими жана толук маалыматы көрсөтүлөт;

- QR-код.

Уруксаат алуу үчүн билдирменин жана жол баракчасынын бекитилген формасы менен www.1312.tunduk.kg шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Аталган чечим Бишкек шаарындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктү үзгүлтүксүз ишке ашыруу жана азык-түлүк, медикаменттер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз мөөнөтүндө камсыздоо максатында кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн