Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ишке кирише элек Садыр Жапаровдон жыйынтык талап кылуу туурабы?

26.01.2021 11:36
1148
Ишке кирише элек Садыр Жапаровдон жыйынтык талап кылуу туурабы?

Чеги жок демократия бизге эмне берди? Бузулган маданиятты, билимсиздикти, тартипсиздикти, ээнбаштыкты, ажыкыс коомду. Кайсы бир иштин жасалышына убакыт керек экенин эске албай эле, «Бийлик иштебей жатат, мурдагыдай эле коррупция болуп жатат, биз өзүбүз эле оңдоп жиберебиз, өзүбүз контроолдоп салабыз» деген өңдүү мыйзамсыздыкка түрткөн кадамдарды жасоону адатка айланттык.


Мурдагы убактарга токтолбой эле, акыркы мезгилдерде болуп жаткан көрүнүштөргө токтололу. Өткөн жылдын октябрь топоңунан кийинки кырдаал али толук тынчый элек. Акырындык менен стабилдүүлүк орноп келатат десек болот. Жаңы жылдын 10-күнүндө жаңы президентти шайлап алдык. Бирок, ал али президенттик кызматына кирише элек. 28-январда инаугурациясы өткөндөн кийин гана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга өтөт.


Бирок, ошого карабастан эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Жапаров эмне тынч отурат? Ишетебейби?» деген маанидеги посттор, комментарийлер да жазыла калууда. Ошол эле убакта өздөрүн жаңы бийликтин колдоочулары катары көрсөткөн «азаматтар» өлкөбүздүн ар кайсыл аймактарына барып, «Биз коррупция менен күрөшүүчүлөрбүз, силерди текшеребиз» деп опузалап жүргөндөр болууда. Алардын кайсы бир мекемени бара калып эле текшерүүгө алуусуна мыйзам жол бербейт. Себеби, алар эч кандай мамлекеттик кызматта эмес. Андыктан алардын жасап жаткан кадамдары мыйзамсыздыкка дагы көбүрөөк жол ачуу болуп саналат. Мындай аракеттери менен алар жаңы бийликке жардам кылмак турсун, тескерисинче тоскоолдуктарды гана жаратат.


Ушундан улам жаңы шайланган президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөгү өз баракчасы аркылуу өзүнүн тарапташтарына жана коомчулукка кайрылуу жасады. «Урматтуу мен Мекенчилмин деп күйгөн замандаштар! Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп, өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек. Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот. Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт. Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсыл аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30 жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам, жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт. Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун да чеги болуш керек», - деп жазды С. Жапаров.


Чындыгында жаңы шайланган президент али кызматтык милдеттерин аткарууга кирише элек. Ал эл алдында ант берип, кызматына киришкенде да алдыда бир топ оорчулуктар күтүп турат. Андыктан баарын бир эле күндө ордуна коюп салуу мүмкүн эмес. С. Жапаров өлкөбүз өтө оор абалда турганда бийликке келип жатат. Экономикалык абалыбыз өтө оор, саясий кырдаал да мактанарлык эмес. Андыктан өздөрүн мекенчил санаган замандаштар С. Жапаровго чындап эле жардам кылууну, колдоо көрсөтүүнү каалашса, анда мыйзамдуулукту сактоо керек.


Сабырдын түбү сары алтын дейт элибиз. Отуз жыл бою чыдап келгенбиз, эми жок дегенде дагы алты ай чыдасак, жаңы бийликтин ишинин алгачкы натыйжалары көзгө көрүнө баштайт. Өлкөбүз жардын кырында турганда, аны андан ары түртүп жибергенге эмес, сактап калууга жардам кылышыбыз керек. Ал үчүн биринчи кезекте мыйзамдын алкагынан чыкпообуз зарыл. Мыйзамдуулук, сабырдуулук жана тартип менен гана ийгиликке жетебиз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн