Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 11:15
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ишкер айымды уурдоого шектүү жарандар кармалды

Ишкер айымды уурдоого шектүү жарандар кармалды



2021-жылдын 11-апрель күнү ички иштер органдарына адам уурдоо жөнүндө арыз түшкөн. 10-апрель күнү болжол менен 22:00до Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам жабырлануучуну (аял киши) чакырып, ага күч колдонуп унаага салып кетишкен. Автоунаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кеткендиги жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болгон. Адамдар жок талаада аны күч колдонобуз деп коркутушкан. 

  Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 

 ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы тарабынан шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. 11-апрель күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00до Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Ош облусунун Алай районунун жашоочусу 1983-жылы туулган А.Э. аттуу шектүүнүн башкаруусундагы “Mitsubishi” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. 

 Мындан аркы көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар Кара-Кулжа районунун жашоочусу 1978-жылы туулган А.С. менен Алай районунун 1982-жылы туулган П.С. кармалган. Бардык кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенет. 

 Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн