Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ишкердик субъекттерин каржылоону жүзөгө ашырууга катышкан банктар

23.07.2020 16:00
1028
Ишкердик субъекттерин каржылоону жүзөгө ашырууга катышкан банктар


Кыргыз өкмөтү тарабынан жактырылган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасын жүзөгө ашырууга учурда 10 коммерциялык банк катышууда, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.


Алар: «Айыл банк» ААК, «Бакай банк» ААК, «Банк Азии» ЖАК, «Банк Бай Түшүм» ААК, «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК, «Кыргыз инвестициялык-кредиттик Банкы» ЖАК, «Оптима банк» ААК, «РСК банк» ААК, «Финанскредитбанк» ААК жана «Халык банк Кыргызстан» ААК.

Буга чейин ишкердик субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн Финансы министрлиги тарабынан жогоруда аты аталган коммерциялык банктарга «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында 2,2 млрд сом бөлүнүп берилген. 

Ошондой эле коммерциялык банктардан келип түшкөн арыздарга жараша тизме кеңейтилет. 

Белгилей кетсек, программа социалдык-экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүүнү жана камсыз кылууну, коронавирус инфекциясынын жайылуу шартында ишкердик субъекттерди колдоону жүзөгө ашырууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн