Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду

02.06.2020 10:46
931
Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду


Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, Мамлкеттик салык кызматы, Социалдык фонду ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 

Документ COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана пандемия менен күрөшүүнүн алкагында чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларга түз жана кыйыр түрдө байланышкан жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилери пайда болгон ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.  

Бүгүнкү күнү пандемия менен күрөшүү чараларынын эл аралык масштабы, ошондой эле COVID-19 вирусунун кирүүсүнө жана жайылуусуна жол бербөөнүн алкагында өлкө ичинде чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча бир катар чаралар көптөгөн ата мекендик коммерциялык уюмдардын жана жеке ишкерлердин экономикалык активдүүлүгүнө терс таасир тийгизүүдө.

Кырдаалды турукташтыруу үчүн өкмөт тарабынан ишкердик субъекттерин колдоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн жыйынтыгында топтолгон салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммасын төлөөгө мөөнөтүн узартуулар жана бөлүп төлөө каралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн