Кулжа 25, 2025
Убакыт: 15:48
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

Ишкердикти өнүктүрүү фонду 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя бере баштады

Ишкердикти өнүктүрүү фонду 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя бере баштады


"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК жылдык 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя бере баштайт. 


Фонддон билдиришкендей, насыя алууну каалаган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн арыздары кабыл алына баштады.


Белгиленгендей, каржылоо өндүрүш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү болот. Жеңилдетилген насыя түрүндө бериле турган 500 млн сом Финансы министрлиги тарабынан фондго уставдык капитал катары берилген.


Насыялар 5 жылга чейинки мөөнөткө, 5 млн сомго чейинки суммада берилет.


Толук маалымат алуу, кеңеш алуу жана насыя боюнча кайрылуу үчүн өлкө боюнча жайгашкан фонддун 13 филиалынын бирине кайрылса болот.


Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерди кеңеш алууга жана өз ишин өнүктүрүүгө жеткиликтүү каржылоону пайдаланууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн