Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абадда ишкерге кол салып, акчасын уурдап кеткен эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

20.10.2020 12:10
436
Жалал-Абадда ишкерге кол салып, акчасын уурдап кеткен эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды



Кечээ, 19-октябрда УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун структураларын жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМ менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан КР жарандары «Б.О.» жана «Э.К.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, кармалган адамдар 19-октябрь күнү эртең менен ишкерге кол салып, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен. Аларды кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар,  ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил зат катары табылып алынды.


Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террористик уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен ЭТУ мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келишкен.


Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамдар Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө камак жайына киргизилди. учурда тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн