Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүндө бир эле электрондук кол тамганы колдоно алат

23.08.2023 09:50
636
Ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүндө бир эле электрондук кол тамганы колдоно алат


ЕАЭБдин ар кайсы өлкөлөрүндө компаниялар бир эле электрондук санарип кол тамганы мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүү үчүн колдоно алышат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.


ЕЭКте биримдиктин аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүдө электрондук трансчекаралык B2G (Business-to-Government, мамлекет үчүн бизнес) кол тамгасын таануу эрежеси бекитилген.


“Жаңы эреженин кириши менен ар бир өлкө үчүн электрондук санарип кол тамгасын өзүнчө алуу талап кылынбайт. Бул иштөө процессин алда канча жөнөкөйлөштүрөт жана административдик чыгымдарды азайтат”, — деп билдири ЕЭК.


Азыркы жасалган кадам келечекте мамлекеттер аралык сооданын жана биримдиктин интеграциясын өнүктүрүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн