Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ишкерлерди каржылоого тышкы булактан 14 млрд сом келет, - Асрандиев

27.04.2020 14:53
1061
Ишкерлерди каржылоого тышкы булактан 14 млрд сом келет, - Асрандиев


Учурдагы кырдаалда ишкерлерди колдоо максатында жеңилдетилген шарттарды түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев КТРКга берген маегинде билдирди.


Анын айтуусунда, ал үчүн тышкы жана ички каржылоо булактарын издөө жумуштары жүрүп жатат. “Көбүнчө тышкы булактар изделип, Эл аралык өнүктүрүү институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 14 млрд сомдук каржылоо булактары пайда болду деп айтсак болот. Кээ бир булактар каражатты бөлгөнгө даяр, кээ бир булактар менен мындан аркы сүйлөшүүлөр уланат. Мунун арасында ички булактар да бар”, - деди вице-премьер.


Ал билдиргендей, сүйлөшүүлөр бүтүп, каражатты бөлүп берүүгө даяр болгон булактардын бири Германиянын өнүктүрүү банкы - 30 млн евро, Европа инвестициялык банкы - 22 млн евро.


Э.Асрандиевдин айтымында, бул каражаттардын келип түшүүсү менен акчанын даректүү коротулушун жана максаттуу, иретүү пайдаланылышын камсыздоо боюнча Каржы министрлигинде атайын антикразисттик фондун түзүү пландалууда.


Бул каражаттардын кайсы бөлүгү чакан жана орто бизнеске жумшалышы керек, кайсы бөлүгү күрөөсүз насыялоого берилет, аймактарга канчасы бөлүнүшү керек, бул боюнча пропорциялардын бары бекитилет”, - деп айтты Асрандиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн