Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ишкерлерди колдоо жана коргоо – мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө

24.06.2021 13:19
1428
Ишкерлерди колдоо жана коргоо – мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө


23-июнда мамлекет башчысы Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда ишкерлерди колдоо жана коргоо, аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү өтө маанилүү экендиги айтылды. Себеби, өлкө экономикасынын өргө карай көтөрүлүшү, биринчи кезекте ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн жемиштүү болушуна байланыштуу.


Президент Жапаров муну өз сөзүндө да туура белгилеп өттү. «Өлкө экономикасынын дээрлик 85%ын ишкерлер түзөт. Ошол себептен жалпы эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринен баштап катардагы кызматкерлерине чейин ишкерлерге болгон мамилени түп-тамырынан өзгөртүү зарыл», - деди ал.


Ырасында эле, ишкерлерге карата мамилелерди өзгөртүү, аларга бут тоскон көрүнүштөрдү жок кылып, тескерисинче күч-кубат, шык бере тургандай шарттарды түзүү зарылчылыгы айтылып келатканына көп болду. Буга чейинки бийликтегилердин убагында да мындай сөздөр айтылган. Бирок, тилекке каршы, анын баары сөз жүзүндө гана калып келди.


Демек, эми сөздөн ишке өтүү убактысы келди десек болот. Бул нерсе мамлекет башчысы Садыр Жапаров бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөздөрүнөн байкалды. Жыйынга катышкан ишкер Рахат Ырсалиевдин чакан ГЭСтерди куруу боюнча айткан пикирине жана бул жаатта кабылып жаткан тоскоолдуктар тууралуу билдирүүсүнө президент дароо реакция жасады.


Ал бул тармакты өнүктүрүү үчүн мурдагы Энергетика министрине тапшырма бергенин, бирок ал тапшырма аткарылбагандан улам аны кызматтан алганын айтты. Тактап айтсак, ал министрдин кызматтан кеткенинин бир себеби ушул болгонун билдирди. «Мен келээрим менен мурдагы министрге чакан ГЭСтер менен келишим түзүп, электр энергиясын 2,9 сомдон сатып алууну жолго коюсун тапшырма бергенмин. 2 айдан кийин келишим түздүк деп айткан. Жакында кайра сурасам, «чечилген» деп дагы калп айтты. Мына ошондуктан ал киши кызматтан кетти», - деди мамлекет башчысы.


Анан ал жыйынга катышыпжаткан энергетика министринин орун басарын ордунан тургузуп, ага бул маселени эки күн ичинде чечип, анан отчет берүүлөрү керек экенин тапшырды. «Эгерде эки күн ичинде чече албасаңар, дагы да созуп, бюрократия менен алектенсеңер, анда толук жетекчилигиңер арыз менен келгиле. Мындан ары указ, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер, жөн эле кетпейсиңер, камаласыңар! Мен муну бүткүл элдин алдында айтып коеюн», - деп эскертти Садыр Жапаров.


Эми эки күндөн кийин бул маселенин кандай чечилгенин жалпы коомчулук күтүп турат. Анан ошого жараша ишкерлерди колдоо жана коргоо багытында иш-аракеттер мамлекеттик деңгээлде кандай өңүттө жүрө турганына чыйыр салынган болот. Эгерде бул маселе оң жагына чечилсе, ошого жараша өлкөбүздө чакан ГЭСтердин курулушу дагы да көбөйөт. Болгондо да аны өзүбүздүн жергиликтүү ишкерлер жүзөгө ашырат. Бул бир жагынан өлкөбүздүн энергетика тармагындагы коопсуздукту камсыздоо болсо, экинчи тарабынан жаңы жумушчу орундарынын түзүлүшүн камсыздайт. Ошол эле убакта өлкө экономикасына оң таасирин тийгизет.


Албетте, ишкерлерди колдоо бул бир эле энергетика тармагына байланыштуу эмес. Айыл чарба тармагында, жеңил өнөр жай тармагында, деги эле бардык тармактарда колдоо жана коргоо болушу маанилүү. Жаңыдан бизнести түптөп жаткан ишкерлерди баса калган текшерүүлөр болбой, тескерисинче мамлекет тарабынан колдоолор болуп турса гана бизнес өнүгөт. «Мен сага «крыша» болуп берейин, сен мага кирешеңдин мынча пайызын берип турасың» деген өңдүү басымдар, кысымдар толук токтошу кажет. Андай сунуштарга макул болбой койгондорду үстөккө-босток текшерүүлөргө алып, айласын курутуу да мамлекетке жасаган чыккынчылык катары бааланышы керек.


Бул жаатта да тиешелүү иш-аракеттер жасала турганын президенттин сөзүнөн билдик. «Президенттик администрацияга тапшырма берем. Жакынкы аралыкта «Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш – коомдук башталышта» түзүлөт. Буга бардык ишкерлер мүчө катары кирсе болот. Мыйзамсыз текшерүүлөр бара турган болсо, ушул кеңешке же Башкы прокуратурага кайрыласыздар. Андан ары мен өзүм көзөмөлдөйм», - деди мамлекет башчысы.


Эми бул айтылгандар сөз жүзүүндө гана калып калбашы маанилүү. Жалгыз президент баарын көзөмөлдөп жетише албайт. Демек, анын командасы да ишкерлерди колдоо жана коргоо багытында тынымсыз иш алып баруулары зарыл. Берилген ар бир тапшырма, коюлган талаптар так аткарылса гана иш алдыга жылат. Энергетика министрлигине берилген тапшырма башка министрликтерге, тиешелүү ведомство жетекчилерине да тиешелүү. «Менин өзүмө даректелген тапшырма айтыла элек» деп күтүп отура берүүгө болбойт. Мындайда «Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулам сен ук» деген накыл кептин маанисин тереңден түшүнгөн маанилүү.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдилаатов Рысбек Абидилаатович
Ишкерлерди колдоо жана коргоо жарлыгы чындыгында ото соонун жанылык экен! Эгер С.Жапаров президентибиз айткандай колдоп коргоп беришсе, бюджетибизге аябай киреше булагы кобойот эле.