Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызматкерге кылмыш иши козголду

07.07.2021 11:16
602
Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызматкерге кылмыш иши козголду



Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан «М.К.» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъектисине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, Жалал-Абад ОИИБнын жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ишкердик субъектилеринин укуктарын колдоого багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү актыларын прокуратура органдарында каттатып уруксат албастан, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан “М.К.” жоопкерчилиги чектелген коомун мыйзамсыз текшерүүгө алышып, иш-кагаздарын талап кылышкан.


Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында топтолгон материалдар облустук прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн