Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ишкерлерге мыйзамсыз кийлигишкен Бишкектин прокурору иштен алынды

07.08.2021 13:17
790
Ишкерлерге мыйзамсыз кийлигишкен Бишкектин прокурору иштен алынды

Ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүү жана мыйзамсыз жоопко тартуу фактысы боюнча көзөмөл органынын кызматкерлери катуу  тартип жоопкерчилигине тартылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин өкүлүнүн кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык прокуратурасынын кызмат адамдарынын аракеттеринин негиздүүлүгүнө жана мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаардык прокуратурасы тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан курулуш компаниясына турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берүүчү документтердин мыйзамдуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталбаса дагы, шаардык прокуратуранын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен тиешелүү органдарга негизсиз прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, материалдар дагы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине негизсиз түрдө катталгандан кийин курулуш компаниясынын жетекчиси кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 


Текшерүү учурунда жогорудагы иш көзөмөл органы тарабынан окулуп, натыйжада мыйзамсыз ачылган сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 "Менчикти коргоо жана ишкерлерди менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгынын ылайык, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъектеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүнө, ишкердик ишине тоскоолдук кылуусуна тыюу салынган. 


Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, борбор шаардын прокурору кызматынан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн