Теке 05, 2024
Убакыт: 13:37
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

«Ишкерлик субъекттерин каржылоо» программасын ишке ашырууга 4,2 млрд сом бөлүндү

21.07.2020 16:06
1089
«Ишкерлик субъекттерин каржылоо» программасын ишке ашырууга 4,2 млрд сом бөлүндү


Өкмөт тарабынан буга чейин жактырылган «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлүндү, анын ичинде Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд сом жана Улуттук банкы тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу 2 млрд сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарда ишкердик субъекттерин колдоого багытталган. 

«Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасынын алкагында каражаттар негизги каражаттарды (сатып алууга, жаңылоого, негизги каражаттарды кеңейтүүгө жана модернизациялоого) жана жүгүртүү каражаттарын (сырье, комплектөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алууга) кредиттөөгө, ошондой эле кредиттерди кайра каржылоого багытталат.

Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында салык процедураларын фискалдаштыруу компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык ККМ, товарларды маркалоо) колдонгон чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жеңилдетилген кредиттер берилет.

20-июлга Финансы министрлиги «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында 8 коммерциялык банкка жалпы суммасы 1,4 млрд сом болгон кезектеги траншты бөлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн