Экономиканын артыкчылыктуу секторлорун жеӊилдетилген тартипте насыялоо жана колдоо программаларын ишке ашырууга башталгыч этапта 14 млрд сомдон кем эмес каражат багыттоо пландалууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
Ал эми жалпысынан 2020-2021-жылдарга 40 млрд сомдон кем эмес каражат
сарпталат. Бул каражаттар ички жана тышкы булактардан тартылат.
Экономикалык ишмердүүлүктү баскычтуу кайра жандандыруунун экинчи топтомунун
ишкерчилик субъекттерин каржылык жана фискалдык колдоонун чаралары:
- Антикризистик фонд түзүү;
- Орто жана чакан бизнестин субъекттерин жеӊилдетилген
насыялоо программаларын киргизүү;
- “Кепилдик фонду” ААК 1 млрд сом суммасына
капиталдаштыруу;
- Салыктык келишимдердин милдеттерин кайра карап чыгуу;
- Капиталдар жана мүлктү легалдаштыруу;
- Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн ижара акысынан
бошотуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн