Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Иштамберди кенинде кызматкерлер үчүн шарт түзүлгөн эмес

19.10.2022 13:21
357
Иштамберди кенинде кызматкерлер үчүн шарт түзүлгөн эмес

Жалал-Абад облусунун Чаткал кырка тоосундагы Иштамберди кенин иштеткен кытайлык Full Gold Mining компаниясына нааразычылыктар көп. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Канат Садыков билдирди.


Анын айтымында, учурда ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Санэпидемстанциянын жана Экологиялык көзөмөл кызматынын адистеринен турган атайын комиссия иштеп, газдын чыгышынын себептерин тактоодо.


"Өкмөттүн токтому бар, ага ылайык ар бир адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча атайын комиссия түзүлөт деген жобо бар. Ал ошол жерде иштейт. Аталган компанияга суроолор көп", - деди Садыков.


Министрдин орун басары комиссиянын иши аяктагандан кийин кызматкерлердин өлүмүнүн себептери тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланарын кошумчалады. Ал буга чейин дагы Full Gold Mining компаниясына кызматкерлерге тиешелүү эмгек жана турак-жай шарты түзүлбөгөндүгү үчүн даттанышканын кошумчалады.


Белгилей кетсек, 11-октябрда Иштамберди кениндеги Full Gold Mining алтын кенинде эки адам истүү газга ууланып каза болгон. Дагы 11 адам ооруканага жаткырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн