Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ыштан арылууга грант алсак эле баары "ништяк" болуп кетеби?

15.12.2022 16:49
2283
Ыштан арылууга грант алсак эле баары "ништяк" болуп кетеби?


Урматтуу грантжегирлер!

"Мен төлөмөк белем, эл төлөйт да, ага чейин ким бар ким жок, мен ашып кетсе 2 жыл министр болуп иштээрмин" деп эле сырттан грант, карыз сурай бербей, а дегенде реалдуу маселелерге олуттуу бир изилдөө жасасаңар, ал үчүн, мисалы- ЫШ маселесине келгенде эл аралык, репутациясы таза, портфолиосу таанымал, адискөй, көз карандысыз компаниялар менен кызматташып, аларды биргеликте изилдөө жасоого чакырып, ошонун жыйынтыгына жараша маселенин пайда болушун, кесепетин, жоюнун жолдорун ТАШКА ТАМГА БАСКАНДАЙ жазып, анан коомчулук менен элге, эл аралык уюмдарга сунуш кылбайсыңарбы?!

Бүгүн парламенттеги жыйынга карасак, баардыгы тең эле бүдөмүк, ар ким ар кайсыдан шек санап отурат экен. Бирөөлөр түтүнгө көмүр жаккан карапайым калк күнөөлүү десе, бирөөлөр ошол элге ар кайсы көмүрдү саткандар күнөөлү деп, бирөөлөр ТЭЦтин от казандарын ыштын негизги күнөөкөрү десе, бирөөлөр, миллиондогон унаалардан чыккан түтүндө иттин өлүгү жатат деп жатышат. Бишкек таштанды полигону кылгылыкты кылып атат дегендер да жок эмес. Бирок, КАНТИП КАРШЫ ТУРАБЫЗ, ЭМНЕ ЭФФЕКТИВДҮҮ БОЛОТ? - деген суроолорго жооп жок ...

Чечүү жолдору катары эгер - унаалардын баарына католизатор тагалы десек, буга канча каражат керек, деги бул чечсе болчу маселеби?

Же Бишкекти, анын айланасындагы Сокулук, Аламүдүн райондорун толугу менен газ менен жылытууга өткөрүш эффект береби? Ал үчүн канча миң үйгө, канча чакырымга газ тартуу керек? Канча убакыт, нече пул сарпталат?
Таштанды полигонундагы өрттү өчүрсөк баарынан арзан түшүп жүрбөсүн?

Болбосо Беш-Күңгөй менен Чоң-Арык тараптан келчү желаргыны тостурбай, Асанбай, эски аэропорт жактагы элиттүү кичирайондорду "англиский квартал, французкий квартал" деген асман тиреген курулуштарды тээ Раздольный, Ак-Чий жакка көчүрүп жиберсек, шаардын абасы айланып тураттыр?

Мына ушул сыяктуу суроолорго так жана ынанымдуу жооп албай туруп "Сырттан грант сурадык, каникулу менен деп жатабыз, берсе эле баарын НИШТЯК кылып салмакпыз" дей берген туура болбой калат го...

Тынчтык Алтымышев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн