Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 02:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ишти оң тарапка чечип берем деп 40 миң сом пара талап кылган милиция кармалды

Ишти оң тарапка чечип берем деп 40 миң сом пара талап кылган милиция кармалды

Кара-Көл шаардык милициясынын улук тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук блюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-июнунда УКМК укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте опузалап пара алуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБ улук тергөөчүсү "Ы.Н.Э" кармалган.


Кармалган «Ы.Н.Э.» КР жараны «А.Ш.Ш.» аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп «А.Ш.Ш.» 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн