Теке 01, 2024
Убакыт: 15:34
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Ысык- Кѳлдүн унаа жолдору реконструкцияланат

06.02.2020 13:36
768
Ысык- Кѳлдүн унаа жолдору реконструкцияланат


Ысык-Кѳл облусундагы Балбай –Каракол автоунаа жолу реконструкцияланат. Жолду оңдоп түзѳѳ боюнча сүйлѳшүүлѳр 6-февралда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө ѳттү. 

Ысык-Көл айлампа жолунун 185-227 чакырылышындагы курулуш иштерин каржылоого облус жетекчилиги менен Европа реконструкциялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн ортосунда алгачкы макулдашуулар болгон.

Облусунун жетекчиси Акылбек Осмоналиев: «Аймактын айланма жолун оңдоо боюнча бир катар долбоорлор жүзөгө ашып өткөн 2019-жылы Корумдудан Балбай айылына чейинки жолду оңдоого Бириккен Араб Эмираттарынан инвестиция тартылып, долбоор өкмөттүн инвестициялык кеңешинин чечимине кирип, Жогорку Кеңештин кароосунан өткөнү турат»,-деди. 

Ал эми Балбай айылынан Каракол шаарына чейинки 32 чакырым жолду реконструкциялоого Европа реконструкциялык өнүктүрүү банкынын каржылоосуна сүйлөшүлѳр жүрүп жатканын. Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткѳн.  Түп-Кеген жолунун калган 37 чакырымын оңдоо иштерин Дүйнөлүк банк каржылап жатканын баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн