Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 22:13
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Ысык-Ата районунда абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган 18 жаштагы жаран кармалды

13.06.2022 18:00
700
Ысык-Ата районунда абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган 18 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Ата районундагы  №3 абакка тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү саат 04:00дөр чамасында Новопокровка айылындагы №3 мекеменин кайтарылган тосмосунун жанынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринин тургуну 18 жаштагы С.Ж.М. тыюу салынган буюмдарды колониянын аймагына өткөрүүгө аракет кылган. Тинтүү учурунда полиэтиленге оролгон таңгак табылган, анын ичинде баңгизаттарына мүнөздүү жыты бар жашыл зат болгон.


"Кармалган жарандын өзү жана бул окуя боюнча материалдар кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата РИИБге өткөрүлүп берилди", - деп жазылган маалыматта.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн