Ысык-Ата районунда мас абалда аялын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБке 2022-жылдын 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан каза болгону жөнүндө маалымат келген.
Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жарандын күйөөсү 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтирген.
Шектүү жаран К.М. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн