Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы ийгиликтүү иштеп жатат

21.01.2021 11:52
2170
Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы ийгиликтүү иштеп жатат


20-январда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы У.Бектемишов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен Люксембург айыл өкмөтүнө караштуу Киргшелк айылынан тургандары жана активисттери менен жолугушушту. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.


"Жолугушууда жергиликтүү тургундар райондук милиция башчысына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече көйгөйлөрүн жеткиришип андан сырткары кызыктырган суроолорун узатышып жоопторду ала алышты. Киргшелк айыл тургундарын түйшөлткөн маселелердин бири негизги трассадан аталган айылга кирген жолдо светофордун жоктугун белгилешти. Ал жолдон кесип өтүү жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга көп кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгилешип ошол маселени чечип берүүнү суранышты. Бул маселени РИИБдүн башчысы көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтар менен сүйлөшүп жакынкы убакта жооп бере тургандыгын билдирди. Андан сырткары таштанды, жолдун абалы жана башка маселелери тууралуу 3 жаран арыз менен көчмө кабылдамага кайрылышты. Ал арыздар башка мамлекеттик кызматтарга тиешелүү болгондуктан алардын кароосуна жөнөтүлдү", - деп айтылат аталган билдирүүдө. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн