Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз сатылган бала бакча мамлекетке кайтарылды

17.05.2021 19:12
1016
Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз сатылган бала бакча мамлекетке кайтарылды


Ысык-Ата районунун прокуратурасы бала бакчаны жана жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Мурунку айыл өкмөт бала бакчаны жеке адамга мыйзамсыз түрдө 123 миң сомго сатып жибергени маалым болду.


«Келишим Новопокровка айыл өкмөтү менен жеке жак М.А. ортосунда 2009-жылдын октябрында түзүлгөн. Бала бакчанын жалпы аянты 659,02 чарчы метрди түзөт. Кийинчерээк М.А. бала бакчанын имаратын үчүнчү жактарга сатып жиберген. Мындан тышкары, 2007-жылы айыл өкмөтү 6 млн 759 миң 800 сомдук 5,2 сотик жер тилкесин сатуу боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганы белгилүү болду. Бул жерге тиешелүү мамлекеттик акт берилген. Ысык-Ата райондук прокуратурасы бул боюнча сотко кайрылган. Көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчү канааттандырылып, мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды», - деп билдирди Башкы прокуратура.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн