Жетинин айы 28, 2023
Убакыт: 17:14
USD
88.80
89.60
EUR
97.00
98.00
RUB
0.995
1.020

Ысык-Атада “Тойота Ланкрузер” үлгүсүндөгү унаа аялды өлтүрө сүзүп кеткен

Ысык-Атада “Тойота Ланкрузер” үлгүсүндөгү унаа аялды өлтүрө сүзүп кеткен


Бишкек - Нарын - Торугарт айланма унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жол тандабастын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда болжол менен саат 19:20 чамасында аталган жолдун 54-чакырымынан 1975-жылы туулган С. Э. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, изин жашырып качып кеткен. Ал эми жөө жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү ыкчам кармоо иш аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган М.Т.аттуу жаранды кармашып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматына жеткиришкен.

Ал эми “Тойота Ланкрузер” үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн