Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Атада ичкиликтен кийин аялы күйөөсүн өлтүрүп койгон

Ысык-Атада ичкиликтен кийин аялы күйөөсүн өлтүрүп койгон



Ичкиликтен чыккан уруш адам өмүрүн кыйды. Ысык-Ата районунда адам өлтүргөн жаран кармалды.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 24-август күнү Ысык-Ата РИИБнө, Новопокровка айылынын тургуну 1978-жылы туулган Ш.О. өзүнүн үйүнүн короосунда, денесинде жаракаттар болуп табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.


Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасыынн КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон. 


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал өлгөн адамдын аялы 1983-жылы туулган Ш.Ю. болуп такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталды. 

Тергөө уланып жатат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн