Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүп, көмүп салган аял жарым жылдан кийин кармалды

11.06.2022 17:50
455
Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүп, көмүп салган аял жарым жылдан кийин кармалды

Новопокровка айылында короодо курулуш иштери жүрүп жаткан учурда жарым жылдан ашык изделип жаткан адамдын сөөгү табылган. Адам өлтүрүүгө шектелип, анын чогуу жашаган аялы кармалды.


Маалыматка ылайык, кечээ, 10-июнда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери 10-июнь күнү саат 14:30дар чамасында Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринин бастырмасынын артындагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан учурда кык баскан чакан чуңкурдан адамдын скелеттүү жансыз денеси табылганын аныкташкан.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан өлүктүн өздүгү такталган. Ал 2021-жылдын декабрынан бери дайынсыз жоголгон 1977-жылы туулган З.Э. экени аныкталган. Апасы уулун табууга жардам сурап кайрылган. Кылмышка шектүү катары мурда маркум менен чогуу жашаган 1969-жылы туулган М.А. кармалган.


Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 2021-жылдын 7-декабрында саат 22:00дөр чамасында аял үй-бүлөлүк чырдан улам чогуу жашаган жаранды бычактап өлтүрүп, аны үйдүн короосуна көмүп салган.


Милиция кылмышка шектүү мурда өлтүрүлгөн адамдын дайынсыз жоголушу боюнча жалган көрсөтмө бергенин билдирди. Учурда ал Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн