Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Атада унааларды ижарага алып, качып жүргөн жаран кармалды

17.03.2021 13:09
501
Ысык-Атада унааларды ижарага алып, качып жүргөн жаран кармалды


Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда унааларды ижарага алып, бербей качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айынын башында Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Антон аттуу чала тааныш бала анын ишенимине кирип, автунаасын ижарага алып, ошол боюнча дайынсыз болуп кеткенин билдирген.


Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй облусунун ИИББдүн жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалган.


Териштирүү учурунда кармалган жарандын автоунааларды арендага алып ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн дагы 2 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алардын бири Ысык-Ата районунда экинчиси Аламудүн районунда орун алган. Шектүү жаран ижарага алган унаалардын бирин башка автоунаага алмаштырып жибергени маалым болгон.


Кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка аланган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн