Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:59
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ысык-Атада жаранды курал менен коркутуп тоногон жарандар кармалды

Ысык-Атада жаранды курал менен коркутуп тоногон жарандар кармалды


Ок атуучу курал колдонуп, кылмыш жасаган адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

 

Ысык-Ата РИИБнө арыз менен 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, 2022-жылдын 16-август күнү Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда, белгисиз эркек киши менен кыз, ок атуучу курал менен коркутушуп, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, 17500 сом акчасын жана өзүнө таандык болгон жарандык паспортун тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендерин билдирген. 


Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бети ачылбай жаткан. 


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1987-жылы туулган Д.А. жана 2001-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалып Ысык-Ата РИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилишти. 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жарандан ок аталган атуучу курал /обрез/  алынды.

  Тергөө уланып жатат.


Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн