Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Атада жылкы уурдаган эки жаран кармалды

15.12.2021 09:54
382
Ысык-Атада жылкы уурдаган эки жаран кармалды

Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 10-декабрда Ысык-Ата РИИБүнө 1995-жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылындагы жайлоодон белгисиз адамдар бир баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.


Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш

иштери башталган.


Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициясынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.


Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн