Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Ата районундагы жол кырсыктан жаш бала каза болуп, 4 адам жабыркады

17.09.2020 12:11
1167
Ысык-Ата районундагы жол кырсыктан жаш бала каза болуп, 4 адам жабыркады


Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, кырсык Ысык-Ата районунда 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) болгон. Анда “Mazda 626” жана “Seat” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. 


Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам (1986-жылы туулган, 1993- жылы, 1985- жылы туулган эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши) жабыркаган. 


ӨКМдин №21 өртө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин каза болгон баланын жансыз денесин тез жардам кызматы алып кеткен, ал эми жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн