Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Атадагы “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы иштеп баштады

11.06.2020 15:04
1337
Ысык-Атадагы “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы иштеп баштады


Бүгүн, 11-июндан баштап Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.


Мекеменин маалыматы боюнча, казак тараптын демилгеси менен “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы бир гана бош жүк ташуучу унаа каражаттарынын өтүшү үчүн ачылды. Муну менен башка өткөрүү жайларындагы жумуш жеңилдеп, бош жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.


Бүгүн, 11-июнга карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төрт автожол өткөрүү жайлары иштеп жатат: Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Кең-Булуң-автожол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка-автожол”.


Белгилей кетсек, «Ак-Тилек авто жол» жана «Чоң-Капка авто жол» өткөрүү жайларында өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р тескемесинин талаптарына ылайык жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.

Темир жол жүк тушуучу курамдар «Каинды-темир жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн