Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Атанын Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт

15.07.2020 13:11
1095
Ысык-Атанын Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт


Бүгүн, 15-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Джапанбекович айылдык кенештин депутаттар тобунун тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.


Аталган айыл өкмөттүн башчысы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Б.Ж.Курмановдун №19-р буйругу менен 10-мартта ээлеген кызматынан бошотулган.


БШКнын токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-апрелине дайындалган. Бирок пандемиядан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу добуш берүү күнү 15-июлга аныкталган.


«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.


БШК басма сөз кызматы кошумчалагандай, добуш берүү санитардык чараларды жана талаптарды аткаруу менен өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн