Баш оона 22, 2025
Убакыт: 13:15
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Ысык-Көл – Бишкек жолундагы тыгынга байланыштуу 360 айдоочуга айып салынды

17.07.2023 17:19
547
Ысык-Көл – Бишкек жолундагы тыгынга байланыштуу 360 айдоочуга айып салынды


Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кайткан унаалардын саны көп болду, деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери жана борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек - Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн дем алыш экенине карабай иш алып барышты.

"Авто унаалардын саны абдан көп болгондуктан каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга жана ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга тийиштүү айып пулдар салынды", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн