Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ысык-Көл облусуна бюджеттен 891,3 млн сом бөлүндү, - министрлик

22.08.2023 10:07
228
Ысык-Көл облусуна бюджеттен 891,3 млн сом бөлүндү, - министрлик


2023-жылдын 15-августуна карата Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 891,3млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражат төмөнкү багыттарга каралган:

- теңдөөчү трансферттер - 159,6 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 15,9 млн сом;
- мамлекеттик каттоо кызматкерлерине - 2,5 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга - 21,9 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 14,4 млн сом;
- айылдардын башкы планын иштеп чыгууга - 26,7 млн сом;
- Каракол шаарын өнүктүрүүгө - 650 млн сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн