Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көл облусуна кирүү шарттары өзгөрдү

06.08.2020 08:38
1227
Ысык-Көл облусуна кирүү шарттары өзгөрдү


Кечээ, 5-августта Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттордун алуу боюнча чечим облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек.


Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. Учурда алар өз ордуларында иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар”, - деп белгиледи облус башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн