Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ысык-Көлдө бир суткада 8 медик коронавирус жуктуруп алды

04.09.2020 11:49
868
Ысык-Көлдө бир суткада 8 медик коронавирус жуктуруп алды

Ысык-Көл облусунда 8 медкызматкер коронвирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрдагы онлайн-брифингде cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 


Анын маалыматына караганда, жалпысынан бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинде Бишкек шаарында  – 1, Ысык-Көл облусунда – 8. 


Ошондой эле, бир суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан дарыланып чыкса, үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3145 учур катталып, алардын ичинен 2533 медкызматкер айыккан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн