Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 10:20
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

21.02.2020 10:50
1406
Ысык-Көл облусунда жер титиреди


Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


ӨКМдин алдындагы Сейсмология институтунун эсептөөлөрүнө караганда, жер титирөө 20-февралда саат 21:51де орун алган.


Анда айтылгандай, Ысык-Көл районунун Чок-Тал жана Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты жана Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 балл болуп сезилген.


Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жок жана эч нерсе кыйраган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн