Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунунда жер титиреди.Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 17-декабрда саат 21:02де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.


Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз, Тилекмат, Ак-Дөбө, Мундуз, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн