Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ӨКМ Ысык-Көлдө дезинфекция иштерин жүргүзүп жатат (фото)

15.05.2020 16:00
1196
ӨКМ Ысык-Көлдө дезинфекция иштерин жүргүзүп жатат (фото)


Ысык-Көл облусунда имараттар, жолдор  дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, облус аймагында 2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин 570 210 м2 имараттардын ичи, 1 993 266 м2 имараттын сырты жана 1 795 697 автоунаа жолдору залалсыздандырылган. Дезинфекция иштерине жалпы 14 830 кг хлор, 2440 литр суюк хлор жана 2543 даана хлор таблеткасы коротулган  

 

Мындан сырткары, учурда жарандар көп бара турган объектилерде, тактап айтканда азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатканы да айтылат.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн