Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 11-сентябрда билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө бүгүн саат 13:15те Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорное, Кызы-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн