Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ысык-Көл облусунун эки тургуну диний-экстремисттик агымдан чыкты (видео)

15.06.2021 15:29
1233
Ысык-Көл облусунун эки тургуну диний-экстремисттик агымдан чыкты (видео)


Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 49 жана 46 жаштагы эки тургуну "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкканын жарыялашты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.


"Диний-экстремисттик агымынын катарынан чыккандардын айтымында, 2013-жылы "Йакын-Инкар" уюмуна ишмердүүлүгү жана максаты жөнүндө билбей кирип кетишкен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө анын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнүшкөн. Алар "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынын башка жактоочуларын туура эмес жолдо бара жаткандыгын эскертишти", — деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргызстандагы "Йакын-Инкар" диний агымынын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн