Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ысык-Көл райондук ооруканасына медициналык каражаттар бөлүндү

31.07.2020 12:26
1051
Ысык-Көл райондук ооруканасына медициналык каражаттар бөлүндү


Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына бир катар медициналык каражаттар бөлүнүп берилди. Бул тууралуу райондун акими Данир Иманалиев билдирди. 

Анын айтымында, медициналык каражаттар 31-июлда келип түштү.

"Министрлик тарабынан райондук ооруканага үч жасалма дем алдыруучу аппарат, беш медициналык монитор, 10 кычкылтек концентратору, 10 пульсоксиметр, 150 даана "Эниксум" ампуласы (Гепариндин ордуна колдонулуучу дары), 8 миң бет кап жана бир көчмө рентген берилди", - деди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн