Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери тергөөнү бурмалоого аракет кылган

11.01.2023 12:00
244
Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери тергөөнү бурмалоого аракет кылган

Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери тергөөнү бурмалоого аракет кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдары кылмыш иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө ишке карата буюм далил табуу үчүн документтерди бурмалоо аракеттерин жасашкандыгы аныкталган.


Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 348-беренеси (шалаакылык) менен 2 кылмыш иши козголгон.


Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Ысык-Көл РИИБнүн мурдагы тергөөчүсү Ш.А.Т. жана аталган РИИБнүн мурдагы ыкчам кызматкери А.Ы.А. карата жогоруда белгиленген беренелер менен айыптары угузулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жиберилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн